Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/12 13:51
 

КРнын көмүскө экономикасы акыркы изилдөөлөргө караганда 39%ды түзөт - Арзыбек Кожошев

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын көмүскө экономикасы акыркы илилдөөлөргө караганда ИДПнын 39%ын түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Министр мындан мурда 53% деп айтылып жүргөндүгүн, дагы да төмөндөө тенденциясы бар экендигин белгиледи.
“Изилдөөнү Бүткүл дүйнөлүк банк жүргүздү”-деди ал.
Салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Ысабеков өз кезегинде изилдөө 2014-жылы жүргүзүлгөнүн эске салды.
“Бейрасмй маалыматтар боюнча Кыргызстандын көмүскө экономикасы ИДПнын 60%ына жетет”-деди ал.

Ал эми Салык консультанттар палатасынын төрагасы Татьяна Ким КРде чет өлкөлүктөр пайда таап жатышып, наркка ккошумча салыкты төлөбөй жаткандыгын, демек Кыргызстанда бул системаны жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

“Бул жерде чоң жоготуулар жөнүндө сөз болууда. Мисалы, Россиядагы кыргызстандыктар иштеп акы алышканда наркка ккошумча салыкты төлөшөт. Бирок Кыргызстандагы россиялыктар иштеп тапкан пайдасы үчүн наркка ккошумча салыкты төлөшпөйт. Бул каражат да көмүскө экономикага кетип жатат”-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу