Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/12 20:01
 

Ата мекендик ишкерлер үчүн темир жол аркылуу Казакстандын аймагында Россия, Белорусиядан жүктөрдү алып өтүүнүн баасы төмөндөйт

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүсүндө, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда тарифтик саясаттын негиздерин эске алуу менен темир жол транспортун тейлөө жана жөнгө салууну кабыл алуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган макулдашууда Кыргыз Республикасынан чыккан жүктөрдү Казакстан Республикасынын аймагынан темир жолу аркылуу ташууда тарифтерди жеңилдетүү камтылат, транзиттик тариф эселеп арзандайт.

Мындан улам чарба субъетилери үчүн Кыргыз Республикасынан экспорттук жана импорттук азык-түлүктөрдү Казакстан Республикасынын аймагынан темир жол транспорту менен жүктөрдү ташуу тарифтерин жеңилдетип, Россия жана Белорусияда сезилээрлик төмөндөйт. Буга байланыштуу Кыргызстанда импорттолуучу товарлардын наркы жана анын натыйжасы катары тамак-аш продукцияларына рыноктук баалардын деңгээлинин төмөндөшү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу