Экономика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
28/12 13:25
 

Сапат сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо жеңил болгон жок – Экономика министри

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Сапат сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо жеңил болгон жок, анткени бардыгы ага татыктуу болушту. Бул тууралуу бүгүн Экономика министри Арзыбек Кожошев КРдын Сапат боюнча сыйлыгын тапшыруунун жүрүшүндө билдирди.

“Катышуучулардын ар бири сыйлыкка татыктуу талапкер болушту. Сынактын лауреаттарын жана дипломанттарын аныктоодо көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуунун стратегиясына жетекчиликтин кызыкдарлыгы, керектөөчүлөрдүн ыраазылык баасы, жетишилген натыйжалар, заманбап технологияларды колдонуу, сапатты жана коопсуз тейлөөнү камсыз кылуу процессинде уюмдун ролу эске алынды” -деди А.Кожошев.

Жыйынтыгында Экономика министрлигинин Ардак грамоталары менен
- «Назик ИРИ» ЖЧКсы;
- «Аталык Групп» ЖАКтын филиалы;
- «Ат-Башы Сүт» ЖЧКсы;
- «Шамшы Ата» жеке ишканасы сыйланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу