Экономика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
28/12 11:07
 

Сооронбай Жээнбеков: “Бардык талаптарга жооп берген сапаттуу азыктарды өндүрүү – өтө маанилүү”

 Сооронбай Жээнбеков: “Бардык талаптарга жооп берген сапаттуу азыктарды өндүрүү – өтө маанилүү”

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Бардык талаптарга жооп берген, сапаттуу азыктарды өндүрүү – өтө маанилүү. Бул тууралуу бүгүн КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргыз ишкерлерине сыйлык тапшыруунун жүрүшүндө айтты.

Сөзүнүн башында премьер-министр иш-чаранын катышуучуларын кирип келе жаткан 2017-жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылда жакшылыктарды каалады. Ал ишкерлерди буга чейин жеткен ийгиликтер менен эле токтоп калбоого чакырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул сынак сапаттуу продукцияны жана көрсөтүлүп жаткан кызматтарды тандоого, ошондой эле өндүрүлүп жаткан продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган. “Бардык талаптарга жооп берген, сапаттуу продукция өндүрүү – өтө маанилүү. Сапаттуу продукцияларды өндүрүү менен гана биз эл аралык рынокко чыга алабыз. Мында ата мекендик ишканалардын кызматы чоң, алар өздөрүнүн ишин сапаттуу аткарып жатышат жана мамлекет тарабынан дайыма колдоого алынат”,-деди С.Жээнбеков.

Анын айтымында, ушул сыяктуу сынактар жана иш-чаралар мамлекеттин өз ишкерлерине ишенимин жана алар менен сыймыктанганын көрсөтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу