Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
28/12 09:32
 

Финансы министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорду каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюшту

Финансы министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорду каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюшту

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Финансы министрлигинде кечээ, 27-декабрда айыл жергесиндеги суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорду каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашууга финансы министри Адылбек Касымалиев жана Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун Алматыдагы Аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Хишам Талеб Маруф кол койду.

Жолугушуу учурунда министр А. Касымалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да үзүрлүү кызматташууну каалаарын айтты. Ал ошондой эле көп жылдан бери Ислам өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого жана өлкө ичинде туруктуу транспорттук коомдоштукту түзүүгө карата өсүп бараткан керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн энергетика, транспорт жана байланыш сыяктуу тармактарда жеңилдетилген ресурстарды берип келе жатканын белгиледи.

Бул макулдашуунун алкагында каржылоо Ислам өнүктүрүү банкынын 15 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыясынын жана Ислам тилектештик фондунун 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыясынын каражаттарынан жүзөгө ашырылат. Бул долбоор Дүйнөлүк банк менен биргеликте каржыланат.

Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы 25 жылга берилет, анын 7 жылы – 1,5% пайыздык коюму менен жеңилдетилген мезгил. Ислам тилектештик фондунун насыясы 30 жылга берилет, анын 10 жылы – 0,75% пайыздык коюму менен жеңилдетилген мезгил.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасына алыскы айылдардагы суу менен жабдуунун сапатын жана ага жетүүнү жакшыртуу боюнча көмөк көрсөтүү болуп саналат. Дүйнөлүк банктын каржылоосу Кыргыз Республикасынын Чүй, Ош жана Ысык-Көл областтарынын райондорун камтыса, ошол эле убакта Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу Жалал-Абад областынын айрым райондоруна багытталат. Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган долбоор өз ичине төмөндөгү компоненттерди камтыйт: I) айылды суу менен жабдуу жана санитария системасын реконструкциялоо; II) эксплуатациялык жана техникалык тейлөө боюнча жабдууну, көзөмөлдөө жана эсепке алуу системасы үчүн лабораториялык жана маалыматтык-технологиялык жабдууну жеткирип берүү; III) санитария жана институционалдык өнүктүрүү маселелери боюнча потенциалды арттыруу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу