27.12.2016, 11:03

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чендин өлчөмүн 5%га чейин төмөндөттү

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чендин өлчөмүн 5%га чейин төмөндөттү. Бул тууралуу “Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан эсептик чендин өлчөмүн 50 базисттик пунктта 5%га чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынган.
“2016-жыл аралыгында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп келген эсептик ченди төмөндөтүү боюнча пайыздык саясаты экономиканын реалдуу секторун стимулдаштыруу чараларына колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Акча-кредит саясатын ишке ашыруунун натыйжасы, ошондой эле банктар аралык кредиттик рынокто учурда улуттук валютада ченди төмөндөтүүдө да көрүнүүдө. Быйыл Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 4 мертебе төмөндөттү. Натыйжада 1 жылда эсептик чен эки эсеге төмөндөдү”,-деди Т.Абдыгулов.

Ал ошондой эле, баанын жалпысынан төмөнкү деңгээлде кармалып турганын белгиледи. 2016-жылдын декабрында керектөө баасынын индекси 1,1%га төмөндөгөн.

Азык-түлүктүк инфляциянын төмөндөө темпи басаңдаган, ал эми азык-түлүктүк эмес инфляция 4%га төмөндөгөн.