Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
26/12 15:04
 

Сооронбай Жээнбеков: Кышкы туризмди өнүктүрүү жайкы туризм менен катар артыкчылыктуу багыт катары саналат

Сооронбай Жээнбеков: Кышкы туризмди өнүктүрүү жайкы туризм менен катар артыкчылыктуу багыт катары саналат

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. «Кышкы туризмди өнүктүрүү жайкы туризм менен катар артыкчылыктуу багыт катары саналат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 25-декабрда Чүй областынын Ысык-Ата районундагы «Чункурчак» тоо лыжа базасындагы 2016-2017-жылкы кышкы сезондун ачылыш аземинде. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө кышкы туризм тармагы тездик менен өнүгүүдө.

«Жыл бою туризмди өткөрүү үчүн жергиликтүү жана чет элдик конокторго жагымдуу шарттарды түзүүбүз зарыл. Кыргызстанда гографиялык-климаттык, инвестициялык жана мыйзамдуу бардык шарттар болуусу зарыл. Өкмөт өлкөдө келечекте кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн инфраструктуралык жана коммуникациялык чараларды иштеп чыгат», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр иш-чаранын катышуучуларын активдүү жана сергек жашоо образына чакырды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын 90 % жакын аймагын тоолор ээлей турганын эске салды. Буга байланыштуу ал өлкөнүн кышкы туризмге болгон потенциалын максималдуу пайдаланып, кыш мезгилинде дүйнө жүзүнөн туристтерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өлкөнүн имиджин көтөрүүгө багытталган иш чараларды улантып, ата мекендик туристтик индустрияны өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүү зарыл. Бүгүнкү күндө өлкөдө 23 тоо лыжа базасы иштеп жатат. Учурда Өкмөт «Тоо лыжа кластери» долбоорунун үстүндө иштөөдө. Аталган долбоордун алкагында заманбап беш тоо лыжа курортун куруу каралууда», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу