Экономика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
23/12 16:40
 

Экономика министри: “Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар айландыруу 2016-жылы 10 айда 80%га өстү”

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар айландыруу 2016-жылы январь-октябрь айларында 82,7%га өстү. Бул тууралуу бүгүн кыргыз-иран бизнес-форумунда Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү бизнес-форум Кыргызстан менен Ирандын экономикалык өз ара аракеттерин мындар ары алдыга жылдыруу маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн аянтча болуп саналат жана эки өлкөнүн бизнес-чөйрөсүндө иштиктүү байланыш түзүүгө жардам берет. Иран ислам дүйнөсүндөгү төртүнчү экономика жана Батыш Азияда көлөмү боюнча экинчи орунда турат – Кыргызстан үчүн бул кызматташтыктын маанилүү фактору.

“Биздин кызматташтыгыбызды тереңдөтүү үчүн Өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп, ийгиликтүү иштеп жатат, анын алкагында эки тарапта бирдей кызыкчылыктуу экономиканын ар түрдүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жолу аныкталат. Биз Иран менен экономикалык кызматташтыкка өзгөчө маани беребиз. Цифраларга токтоло турган болсок, 2016-жылы январь-октябрь айларынын аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы товар айландыруу 12,3 млн долларды түзгөн, башкача айтканда 82,7%га өскөн. Мен биздин мамилелерибизге олуттуу кароого мезгил жетти деп ойлойм. Ошондуктан сиздерди туризм, транспорттук логистика, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү сыяктуу багыттарга инвестиция жумшоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырам”,-деди министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу