Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
22/12 18:26
 

Сооронбай Жээнбеков: Жарандык авиациянын көйгөйлөрүн чечүү жана өнүктүрүү үчүн авиа ташуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү чараларын кабыл алуу зарыл

Бишкек, 22-декабрь /Кабар/. «Жарандык авиациянын көйгөйлөрүн чечүү жана өнүктүрүү үчүн авиа ташуучуларга аба учактарын сатып алуу, жеңилдиктерди берүү жана жарандык авиацияны өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам берүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү боюнча бир катар иш-чараларды кабыл алуу зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында.

Өкмөт башчы белгилегендей, авиа ташууларда ички сурамды камсыз кылуу максатында аймактык аба каттамдар рыногунда эл үчүн арзаныраак болгон эң аз дегенде эки авиа ташуучу-компания иштеп турушу керек.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, КР Транспорт жана жолдор министрлигинин аба транспорттору чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган катары функциясы өзүнөн-өзү жоюлуп кеткен. Албетте, мындан улам аба транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ишке ашпайт.

Премьер-министр Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге мындай эреже бузуулар кимдин күнөөсү боюнча кеткендигин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазалоо боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министрлиги Экономика министрлиги менен биргеликте ички аймактык авиа ташууларды мамлекеттик колдоп туруу программасын иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министрлигине Агенттик менен бирге инвесторлорду тартуу максатында кошумча маршруттук багыттарды иштеп чыгуусу жана аларды бизнес үчүн конкурстук негизде ачык жарыялоосу тапшырылды.

Ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте ички ташууларды көбөйтө турган туристтик каттамдарды иштеп чыгуусу тапшырылды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, каттамдарды түзүүнүн механизми түйүндүү аэропорттордогу агымды концентрациялоо принциптерине негизделүүгө тийиш. Буга байланыштуу эл аралык жана ички авиациялык ташууларды жана тейлөөлөрдү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилигине Эл аралык жарандык авиациянын жана Эл аралык авиациялык комитеттин алдындагы болгон тийиштүү мүчө взносторду төлөө боюнча карыздарды ыкчам тартипте жоюу тапшырмасы берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу