Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/12 14:54
 

Индиялык ишкерлер Кыргызстандын энергетика тармагын инвестициялоого ниеттенишүүдө – Сапар исаков

 Индиялык ишкерлер Кыргызстандын энергетика тармагын инвестициялоого ниеттенишүүдө – Сапар исаков

Бишкек, 22-декабрь /Кабар/. Индиялык ишкерлер Кыргызстандын энергетика системасын инвестициялоого ниеттенишүүдө. Бул тууралуу бүгүн брифингде Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

“Азыркы учурда индиялык ишкерлер менен Кыргызстандын улуттук энерго-холдингинин сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Индиянын премьер-министри Шри Нарендра Моди менен жолугушууда Алмазбек Атамбаев кыргыз-индия фондун түзүүнү сунуштады, ал индиялык жана жергиликтүү ишкерлерди колдомокчу. Кыргыз-индия фондун түзүү механизмдери башталды. Бизде иштеген индиялык ишкерлер буга абдан кубанышты жана бул иш сапарды алар 20 жыл күткөнүн белгилешти”,-деди С.Исаков.

Кыргызстандын кандай энергетикалык долбоорлору индиялык ишкерлерди кызыктырып жатат деген суроого ал азырынча айта албай турганын билдирди. Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, өзүнүн шашылыш билдирүүсү менен аларга зыян кылгысы келбейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу