Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/12 17:14
 

Н.Моди: “Индия Кыргызстан менен өнөр жай жаатында тыгыз кызматташууга кызыкдар”

Нью-Дели, 20-декабрь /Кабар/. Индия Кыргызстан менен өнөр жай жаатында тыгыз кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул өлкөдө мамлекеттик расмий сапарда жүргөн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда билдирди.

“Жолугушууда биз эки өлкөнүн экономикасынын карым-катышын бекемдөөгө, өнөр жайы жана ишкер чөйрөнүн байланышын чыңдоого макулдаштык. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө өнөр жайына жана ишкер сөйрөгө артыкчылык берүү керек, анткени алар туризм, айыл чарба, энергетика жана саламаттыкты сактоо тармактарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жол ачат. Биз ар түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө келиштик”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу