Нью-Дели, 20-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-индия фондун түзүү маселеси талкууланганын билдирди.
Анын айтымында, Индиянын өкмөт башчысы менен жолугушууда бир катар эки тараптуу маселелер талкууланды. “Биз Индия менен экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнү каалайбыз. Ушул багытта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу кыргыз-индия фондун түзүү маселесин карадык. Фондду түзүүнүн максаты Индиялык ишкерлерди колдоо болуп саналат. Эртең өтө турган бизнес-форумда индиялык ишкерлер менен ушул темада сүйлөшөбүз. Мен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар айландырууну көбөйтүшүбүз керек деп ойлойм. Мындан тышкары, жолугушууда логистикалык маселени чечүү тууралуу кененирээк баарлаштык”,-деди ал.
Ошондой эле, мамлекет башчысынын айтымында, индия тарап онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн Кыргызстанга аппарат белек кылмакчы.