Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/12 16:24
 

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан экономика жаатында Индия менен кызматташтыкта олуттуу өзгөрүүлөрдү күтөт”

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Кыргызстан экономикалык чөйрөдө Индия менен кызматташууда олуттуу өзгөрүүлөрдү күтөт. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.
Сөзүнүн башында мамлекет башчысы жылуу кабыл алгандыгы үчүн индия тарапка ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү иш сапар – бул эки өлкөнү байланыштыруу. Биз Кыргызстан Индия сыяктуу эле адам укуктары, сөз эркиндиги, укук үстөмдүгү сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө маани беребиз жана экономикалык планда эки өлкөнүн мамилелерин активдештирүүнү каалайбыз. Экономика жаатында дагы ушундай эле олуттуу чаралар жетишилишине кызыкдарбыз”,-деди А.Атамбаев.

“Биздин өлкөлөрдү көп кылымдык тарыз бириктирип турат. Индия медицина жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жетишкендиктери менен белгилүү, биз алардан үйрөнүшүбүз керек. Индиянын IT-адистери ушул жаатта дүйнөдөгү эң күчтүү адистер экени барыбызга белгилүү”,-деди Президет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу