Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/12 11:32
 

Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык тыйындар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлөөдө

Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык тыйындар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлөөдө

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Улуттук банк тарабынан чыгарылган «Саймалуу таш» күмүш тыйыны Москвада өткөн “Топжылдыз тыйыны” эл аралык конкурсунда “Мыкты күмүш тыйыны” наамында 3-орунду ээлеген.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын Накталай акча башкармалыгынын Экспертиза бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Эсенгелдиева билдирди.

Анын айтымында, эл аралык сынактарда Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган күмүш тыйындар дипломдорго ээ болгон.
“Германияда нумизматтардын жыл сайын эл аралык сынагы өтүп турат. Ошол сынакта биздин “Улуу Жибек жолу” монетабыз мыкты тарыхый монета катары 1-орунду ээлеген”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу