19.12.2016, 17:01

Мегакомду сатуу боюнча экинчи аукцион өтпөй калды – ММБФ

 Мегакомду сатуу боюнча экинчи аукцион өтпөй калды – ММБФ

Бишкек, 19-ноябрь /Кабар/. “Альфа телеком” ЖАКты сатуу боюнча 2-жолу өткөрүлө турган аукцион өтпөй калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы 16-декабрь саат 10:00го карата (“Альфа Телеком” ЖАКтын акцияларынын 100%дык мамлекеттик пакетин жүзөгө ашыруу боюнча аукционго катышууга билдирүү берүүнүн мөөнөтү бүткөн учур) арыз түшкөн эмес.

Алфа Телеком” ЖАКтын акцияларынын мамлекеттик пакетинин баштапкы баасы 14 255 250 000 сомду түзгөн.