Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/12 10:29
 

КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы: “Кыргыз-индия мамилесинин потенциалы өтө жогору”

Нью-Дели, 19 -декабрь /Кабар/. Кыргыз-индия мамилесинин потенциалы өтө жогору. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршакеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Индия менен кызматташташууга кызыкдар. Кыргызстандын Президентинин чоң делегация менен Индияга келиши буга мисал.

“Индия ШКУга бүгүн-эртең мүчө болгону турат, бул өлкө бизге интеллектуалдык потенциалы, тоо металлургиясы жана айыл чарбасы жагынан кызыкчылык арттырат. ШКУнун өзү эле өлкөлөр тыгыз форматта кызматташып турушу керектигин билдирет. Бүгүнкү күндөгү баланс оң жолго түшөт деп ойлойм. Биз муну Бишкек-Дели түз авиакаттамы иштеп баштаганынын да көрүп турабыз”-деди
М.Шаршакеев.

Кыргызстан кайсы жагынан Индияны кызыктырат, деген суроого М.Шаршекеев бул туризм, кендерди иштетүү жана экологиялык таза азык-түлүктөр, деп жооп берди. Жалпысынан алар бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыгып жатышканын белгиледи.
Ошондой эле ал жолугушуунун жыйынтыгынан соң КР Соода-өнөр жай палатасы менен Индиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюларын кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу