Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/12 12:19
 

Бакыт Жумашев: “Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы Ошто өрттөнгөн 2 үй үчүн 1 млн сом төлөдү”

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы (МКК) үстүбүздөгү жылы Ош облусунда өрттөнүп кеткен 2 үй үчүн 1 млн сом төлөдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине МККнын төрагасы Бакыт Жумашев билдирди.

Анын айтымында, 14-ноябрда Ноокат районунда жана 26-ноябрда Кара-Суу районунда 2 үй өртөнгөн. Эки учурда тең өрттүн себеби кыска замыкание болгон. Кожоюндар өз кезегинде үйлөрүн камсыздандырып коюшкандыктан МКК ар бир үй-бүлөгө 500 миң сомдон бөлүп берди. “Алар бардык зарыл документтерди алып келишти, 10 күндүн ичинде чечим кабыл алынып, камсыздандыруу төлөндү. Кечээ жакында эле Ош облусунда алар менен жолугуп, камсыздандырууну төлөп бердик”,-деди Б.Жумашев.

Ал айткандай, бир жылдын аралыгында компания 7 камсыздандырууну төлөп берген. “Бул табигый кырсыктар, чатырларды учуруп кеткен катуу шамал, сел жүрүү жана башкалар. Мисалы, Сүлүктү шаарынын тургуну өзүнүн үйүн 1200 сомго камсыздандырган, ал эми камсыздандыруу 95 миң сомду түздү. Чолпон-Ата шаарында селдин кесепетинен 70 тен ашык үй жабыркаган, бирок тилекке каршы бир гана үй камсыздандырылган экен, анын ээси 53 миң сом алды. Чүй облусунда үйдөн өрт чыгып, чатыры күйүп кеткен. Үй камсыздандырылгандыктан алар камсыздандырууну ала алышты. Башкача айтканда, биз каякта жашабайлы, эч ким үйдүн коопсуздугуна кепилдик бере албайт. Ошондуктан, ар бир адам ушундай кырсыктар болгон учурда көчөдө калбай, камсыздандыруу алуусу үчүн үйүн камсыздандырышы керек”,-деп түшүндүрдү ал.

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жуманын башынан бери 9 миң 632 адам өзүнүн үйүн камсыздандырды. Жуманын аягында бул цифра дагы өзгөрөт. “2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 2 миңден ашык өрт кырсыгы катталганын белгилей кетишибиз керек. Эгер ал үйлөрдүн бары камсыздандырылган болсо, жеңил болмок. Өрт кырсыгынын саны өсүүдө, анткени бары электр энергиясын колдонот. Мурда телевизор менен эле муздаткыч болсо, азыр кондиционер, компьютер, жылыткычтардын бары электр энергиясы менен иштейт. Башкача айтканда, өрттүн келип чыгуу коркунучу көп. Кыска замыкание эле өрткө алып келет. Чоң шаарларда советтик үйлөр көп, анда электричестволор алмашылган эмес, бары эски бул дагы коркунучтун деңгээлин жогорулатат. Үйгө зыян алып келген ичимдик жана баңги заттын айынан пайда болгон учурлардан башка бардык өзгөчө кырдаалдар камсыздандырууга кирет”,-деген Б.Жумашев, кыргызстандыктарды үйлөрүн камсыздандырууга чакырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу