Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
15/12 16:10
 

Улуттук экономиканын Эл аралык валюта фонду тарабынан каржылануу квотасы эки эсе көбөйөт

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө» Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоолорду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эгер бул макулдашууну кыргыз парламенти ратификацияласа, улуттук экономиканын Эл аралык валюта фонду тарабынан каржылануу квотасы эки эсе көбөйөт.

Ошентип, КР Өкмөтү ЭВФ тарабынан сунушталган реформаларга макул болгон учурда, Кыргыз Республикасында жыл сайын 177,6 млн СПЗга же 262,2 млн долларга чейин жеңилдетилген карыз каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгү өсөт. Ал түзүмдүк экономикалык реформаларды колдоого жумшалат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу