14.12.2016, 09:37

Токтогул ГЭСин модернизациялоонун 3-фазасы боюнча макулдашууга кол коюлду

 Токтогул ГЭСин модернизациялоонун 3-фазасы боюнча макулдашууга кол коюлду

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2016-жылдын 13-декабрында Токтогул гидроэлектростанциясын калыбына келтирүү, улуттук жана регионалдык энергосистемалардын иштөө ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн көмөк көрсөтүү максатында үчүнчү жана акыркы фаза боюнча финансылык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) башкаруучусу жана АӨБнын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДейган кол коюшту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр А.Касымалиев КР Өкмөтүнүн атынан АӨБын колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин айтты.

АӨБнын колдоосу АӨБнын Атайын фонддорунун каражаттарынан турган 60 млн АКШ долларына барабар болгон ар кандай валюталардагы насыяны жана 50 млн АКШ долларынан ашпаган грантты камтыйт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) долбоорду кош каржылоо катарында 40 млн АКШ долларын берүүнү суранган.

Бул жардам калган эки гидроагрегатты алмаштырууну, Токтогул суу сактагычынын плотинасынын инженердик курулмаларын оңдоп-түзөө иштерин жана ТОктогул ГЭСинин каскадынын плотиналарынын абалына мониторинг жүргүзүү системаларын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин каржылайт. Ошондой эле, сектордогу реформаларды элге түшүндүрүү, энергетика секторундагы башкаруунун жана менеджменттин жол-жоболорун жакшыртуу боюнча маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлөт.

Айта кетсек, буга чейин АӨБ Электр энергетика секторун калыбына келтирүү долбоорунун (1-фаза) жана Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү (2-фаза) долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСинин алгачкы эки гидроагрегатын жана көмөкчү жабдуусун калыбына келтирүү иштерин каржылаган. Долбоордун эки фазасын ишке ашыруу улантылууда.