06.12.2016, 12:18

Улуттук банк 200, 500, 1000 сом номиналындагы модифицияланган банкнотторун жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк 200, 500, 1000 сом номиналындагы модифицияланган банкнотторун жүгүртүүгө чыгарат

Бишкек, 6-декабрь /Кабар/. Улуттук банк Кыргызстандын улуттук валюталарынын 4-сериядагы модифицияланып жаңыртылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Алмаз Сыдыков билдирди .

Анын айтымында, банкноттор пландык толуктоонун чегинде чыгарылат. 2017-жылдын 1-январынан тартып Улуттук банк 200, 500, 1000 сом номиналындагы 4-сериядагы улуттук валюталардын модифицияланып жаңыртылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгарат. Жаңы банкноттор эскилерин жүгүртүүдөн алуу максатында этаб-этабы менен киргизилет.

“200, 500, 1000 сом номиналындагы банкноттордун чыгарылышынын себеби – бул банкноттордун рынокто тартыштыгы”-деди ал.

Алмаз Сыдыков белгилегендей, 4-сериядагы улуттук валюталардын модифицияланып жаңыртылган банкноттору мурда жүгүртүүгө чыгарылган КР улуттук валюта банкноттору менен тең катар жүгүртүлө берет.