Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/12 11:43
 

Улуттук валюта банкнотторун чыгарууну Кыргызстан европалык компанияларга ишенип тапшырат – КР Улуттук банкы

Улуттук валюта банкнотторун чыгарууну Кыргызстан европалык компанияларга ишенип тапшырат – КР Улуттук банкы

Бишкек, 6-декабрь /Кабар/. Улуттук валюта банкнотторун чыгарууну Кыргызстан европалык компанияларга ишенип тапшырат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын Накталай акча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Медина Аширалиева билдирди.

“Банкнотторду даярдоочу компания тендердик негизде аныкталат. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгында 200, 500 жана 1000 сомдук банкнотторду англиялык компания – “De La Rue”, ал эми 20, 50, 100 жана 5000 сомдук банкнотторду француздук компания –“Oberthur Technologies” даярдашкан. Бул компаниялар жогорку сапаттуу, жогорку деңгээлде корголгон акчаларды даярдап келишет”,-деди М.Аширалиева.

Жыл сайын канча көлөмдөгү акчалар эскирип, керектен чыгарылары тууралуу суроого ал төмөнкү номиналдагы банкноттор жүгүртүүдөн көп алынаарын белгиледи.

“Анткени алар көп колдонулат. Андан соң 100, 200, 500 сомдук орточо номиналдагы банкноттор эскирип, айрылып жүгүртүүдөн алынат. Жогорку номиналдагы банкноттор өтө узакка чейин колдонулат”,-деди ал.

Белгилей кетсек 2017-жылдын 1-январынан тартып Улуттук банк 200, 500, 1000 сом номиналындагы 4-сериядагы улуттук валюталардын модифицияланып жаңыртылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгарат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу