02.12.2016, 16:25

Кыргызстандык ишкерлерди 4-Бизнес-Инновациянын Азия-Европалык Конгрессине чакырышты

 Кыргызстандык ишкерлерди 4-Бизнес-Инновациянын Азия-Европалык Конгрессине чакырышты

Бишкек, 2- декабрь /Кабар/. Кыргызстандык ишкерлерди, бизнесмендерди, билим берүү тармагынын өкүлдөрүн 2017-жылдын 24-25-майында Москва шаарында өтө турган 4-Бизнес-Инновациянын Азия-Европалык Конгрессине чакырышты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында StrategicInterCom GmbH (Германия) стратегиялык маданият аралык коммуникация борборунун директору, доктор Константин Шамбер билдирди.

Анын айтымында, Азия-Европалык конгресс 2012-жылы түзүлгөн, 1-конгресс Пекинде, 2-конгресс Шанхайда, 3-конгресс Алматыда өткөн, эми 4-конгресс Москвада өткөнү турат.

“Конгресстин максаты – Азиядагы, Борбордук Азиядагы, Россиядагы, Россиянын Европалык аймагындагы чакан жана орто ишкердиктин кызыкчылыктарын бириктирүү болуп саналат. 4-конгресстин темасы аталган өлкөлөрдүн ортосундагы укук, билим жана соодадагы карым-катышына тиешелүү болот”, -деди ал.

Доктор К.Шамбер постсоветтик аймакта билим менен бизнестин ортосундагы ажырым өтө чоң экендигин белгиледи.

“Эгерде билим менен бизнес шайкеш келсе, ал өлкөнүн экономикасы өнүгөт. Конгресстин башкы максаттарынын бири- алдыңкы ЖОЖдорду, бизнес мектептерди бизнестин өкүлдөрү менен ымалаштыруу, анткени алар бири-бирин жакшы түшүнүп, биргелешкен программаларды түзө алышы керек”,-деди ал.

Мындан тышкары К.Шамбер чакан калкы бар Кыргызстан зор чакан жана орто бизнестик потенциалга ээ экендигин белгиледи.

“Кыргызстанда чакан бизнес кеңири тараган, бирок глобалдуу, туруктуу өнүгүү үчүн мамлекет орто бизнести да өнүктүрүшү керек. Эгерде өкмөт колдоо көрсөтсө, 10-15 жылдан соң орто бизнестин өнүгүшү үчүн жакшы аянтча түзүлөт”,-деп белгиледи ал.