Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
01/12 14:15
 

Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы “Кошой” кант заводу ишке киргизилсе калк атамекендик кумшекер менен камсыздалат

Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы “Кошой” кант заводу ишке киргизилсе калк атамекендик кумшекер менен камсыздалат

Бишкек, 1-декабрь /Кабар/. 2017-жылы “Кошой” кант заводун ишке киргизүүдө кант кызылчасын кайра иштетүү маселеси чечилип, калк атамекендик кумшекер менен камсыздалып, миңдеген жергиликтүү тургундарга жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы «Кошой» ААК абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Бүгүнкү күндө Чүй облусундагы кант кызылчасын иштеп чыккан “Кайыңды-Кант” заводу фермерлер тарабынан өстүрүлгөн кызылчанын толук көлөмүн убагында кабыл ала албай жатат. Модернизацияланган «Кошой» заводун ишке киргизүүдө бул көйгөйлөр чечилип, өлкөдө республика боюнча кант кызылчасын толук түрдө кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Кошой» ААК башкы директору Александр Барбалат маалымдагандай, завод өз ишмердүүлүгүн 2004-жылы токтотуп, 12 жылдан бери иштебей турганын билдирди. Завод Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражатына модернизацияланат. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары Эркин Асрандиевдин айтымында, «Кошой» заводунда ремонт иштерин жүргүзүп модернизациялоого 4% жылдык үстөк менен 10 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыя берилет. Ошондой эле фонд тарабынан «Кайыңды-Кант» заводундагы өндүрүштү колдоого да 5,5 млн АКШ доллары бөлүнөт.

«Кошой» заводун ишке киргизүү 2017-жылга пландалган, биринчи баскычында немец жабдыктары алынып келинет. Бир суткада 2 миң 800 тонна кант кызылчасын кайра иштете алабыз. Завод жергиликтүү рыноктун муктаждыгын гана жаппастан, продукциясын сыртка экспортко да чыгарат», – деди «Кошой» ААК башкы директору Александр Барбалат.

Заводду жана кант кызылчасын кабыл алуучу пунктту көрүп чыккан Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга заводду ишке киргизүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Алардын арасында – инфраструктураны жакшыртуу, калктуу пунктардан объектке чейинки каралбай калган жолдорун оңдоо, фермерлерге түшүмдүүлүктү арттыруу багытында берилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелери бар. Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен Экономика министрлигине дыйкандарды, фермерлерди ички рыноктогу үрөн материалдарына болгон кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча маселени кароону тапшырды. Ал эми Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнө тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте «Кошой» ААК түтүктөрү өткөн жер тилкелериндеги турак-жай обьектилеринин курулушуна берилген уруксаат документтеринин канчалык деңгээлде мыйзамдуулугун карап чыгуу тапшырылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу