30.11.2016, 15:58

Бүгүнкү күндө ипотекалык насыя алууну каалагандар бар, ошондуктан «Жеткиликтүү турак-жай» программасын ишке ашыруу улантылышы керек

Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. «Учурда 642 млн сом суммасындагы ипотекалык насыяны 500 ашуун адам алды. Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасынын шарты канагаттандырган жарандар бар. Ошондуктан, биздин пикирде, программаны ишке ашыруу улантылышы керек», – деп билдирди бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда талкуу учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасы бүгүнкү күндө пайдалуу боолуп саналат, мурда өлкөдө бул сыяктуу Программа болгон эмес. «Бардык көйгөйдү бир күндө чечүүгө мүмкүн эмес, биз насыялар боюнча жылдык пайыздык үстөктөрдү 12% дан 10% га дейре төмөндөттүк», – деди Премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК алдында ипотекалык насыя алуу шарттарын жана механизмдерин жеңилдетүү боюнча милдеттер коюулууда. Келечекте Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасы жакшыртылып отурат.