Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 12:21
 

Улуттук банктын башчысы: “КРӨФ тарабынан кредиттердин рынок баасынан төмөн берилиши банктарды атаандаштырып, кредиттеринин пайыздык өлчөмүн төмөндөтүүгө мажбурлады”

Бишкек, 29 -ноябрь /Кабар/. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду (КРӨФ) тарабынан кредиттердин төмөнкү пайызда берилиши банктардын кредиттеринин пайыздык өлчөмдөрүн төмөндөтүүсүн шарттоодо. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ролун эки өңүттөн кароо керек. Биринчиден, фонд тарабынан кредиттердин рынок баасынан төмөн берилиши банктарды атаандаштыкка түртүп, кредиттеринин пайыздык өлчөмүн төмөндөтүүгө мажбурлады. Экинчиден, фонддун долбоорлору өнөр жайын өнүктүрүүгө жана өнөр жайы үчүн инфраструктураларды түзүүгө багытталган. Бул да өлкөнүн экономикасына оң таасир этет.

“Ститистика боюнча экономикада кредиттердин көлөмү бираз төмөндөгөнүн белгилеп кетким келет. Мында фонддор тарабынан берилген кредиттер статистикага кирген эмес. Эгерде банктар тарабынан берилген кредиттерге фонддор тарабынан берилген кредиттерди кошо турган болсок экономикадагы кредит портфели көбөйөт”-деди Т.Абдыгулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу