Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/11 11:54
 

Кыргызстандын Улуттук банкы учеттук ставканын өлчөмүн 5,50 % чейин кыскартты

Бишкек, 29- ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын башкармалыгы 28-ноябрда учеттук ставканын өлчөмүн 50 базистик пунктка 5,50 % чейин кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул чечим бүгүнтөн баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, баалардын жалпы деңгээли төмөндөөдө. Быйыл ноябрда жылдык туютмасы 0,7% түзгөн дефляция белгиленген. Күндөлүк керектелүүчү товарларга баа азык-түлүк тобундагы товарлардын наркынын арзандоосу менен аныкталат, ал эми акыркы айларда азык-түлүк эмес товарлардын тобундагылардын бааларынын өсүү темпи төмөндөгөнү байкалган.

“Быйыл 3-кварталда экономикалык активдүүлүктүн негизги көрсөткүчү оң динамиканы көрсөткөн. 2016-жылдын январь-октябрь айларында ИДП реалдуу 2,7% өскөн. Экономиканын реалдуу өсүү ыргагы “Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда 2016-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 3,3% деңгээлинде болгон. Айрым ички керектөөлөрдүн калыбына келүүсү белгиленген. Божомолго ылайык, бул факторлор келечекте инфляцияга орточо таасир этет”-деди Т.Абдыгулов.

Басма сөз кызматы билдиргендей, учеттук ставканын өлчөмү боюнча Кыргызстандын Улуттук банкынын башкармалыгы кийинки жыйыны быйыл 26-декабрда болот.

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу