Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 09:04
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы жакынкы убакта оң жыйынтыгын бере баштайт

Бишкек, 29-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы жакынкы убакта оң жыйынтыгын бере баштайт, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында.

Өкмөт башчы белгилегендей, Программанын негизги максаты ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай куруу аркылуу өлкөнүн жарандарына жеке турак-жай сатып алууга шарттарды түзүү болуп саналат.

Сооронбай Жээнбеков калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу Программасы эгемендүүлүк жылдарында алгач ирет ишке ашырылып жаькандыгын жана бул боюнча коомчулукта нааразылык жараткан суроолор да бар экенин билдирди. Анткен менен программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн убакыт керек. Өкмөт өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААКга ар тараптуу колдоо көрсөтүү менен, «МИК» келечеги кең экендигине ишенет.

«Бардык меаселени бир күндө чечүүгө болбойт, эң башкысы – бүгүн насыя 10% жылдык үстөк менен берилип жатат, учурда компаниянын шартына канаттанган калктын белгилүү катмары бар десек болот. Азыркы тапта ипотекалык насыяны 500дөн ашык жаран алды», – деди Премьер-министр.

Ал «МИК» ААК жетекчилиги алып жаткан айлык акынын көлөмүнүн негиздүүлүгүнө көңүл буруп, компания жетекчилигинин көлөмдүү айлык акысы «Жеткиликтүү турак-жай» программасы боюнча жакшы башталган иштин аброюн төмөндөтүп жаткандыгын белгиледи.

«Айлык акынын көлөмүн төмөндөтүп, бул тууралуу коомчулуука маалымдоо керек. Келечекте компания жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгондон соң, айлык акыны жогорулатуу маселесин көтөрсө болот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылы мамлекеттик ипотекалык насыя алуучулардын санын 3 миң адамга дейре жогорулатуу керек. Бул максатка жетишүү үчүн кошумча каржы булактарын табуу зарыл. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, «МИК» ААК алдына ипотекалык насыя алуунун механизмдерин жана шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле пайыздык үстөктү төмөндөтүү мүмкүндүгүн кароо боюнча милдеттер коюулууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу