Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/11 20:00
 

Сооронбай Жээнбеков: Экспортту өнүктүрүү программасы 2017-жылдын 1-январына дейре Өкмөттүн кароосуна киргизилиши керек

Бишкек, 28-ноябрь /Кабар/. Экспортту өнүктүрүү программасы 2017-жылдын 1-январына дейре Өкмөттүн кароосуна киргизилиши керек. Мындай милдетти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Өкмөттүн жыйынынын жүрүшүндө өлкөдөгү 2016-жылдын январь-октябрь айлары үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын кароо учурунда койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Тышкы таасирлерге карабастан, республиканын экономикасы 2016-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча оңдуу көрсөткүчкө ээ болуп, ИДП өсүшү 2,7% түздү. Буга катар экспорттун төмөндөшү байкалган. 2016-жылдын 9 айында экспорт өткөн жылга салыштырмалуу 251,8 млн АКШ долларына кыскарган. Мында белгилей кетчү нерсе, экспортту өнүктүрүү – бардык министрлик жана ведомстволор үчүн маанилүү болуп саналат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Анын айтымында, жакынкы арада кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу тууралуу маселени чечүү зарыл.

«Ал үчүн 2 аймактык карантиндик фитосанитардык лабораториялар түзүлүп, 4 аймактык ветеринардык лаборатория өз мөөнөтүндө курулушу тийиш. Лабораторияларды курууга жер тилкелери жана акча каражаттары бөлүнгөн. Буга катар малды идентификациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну тездетүү зарыл», – деп билдирди ал.

Аны менен бирге, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республиканын салык жана фискалдык органдары төлөмдөрдү жана жыйымдарды чогултуу боюнча планды аткарбагандыгына көңүл бурду.

«2016-жылдын 10 айында 60 райондук жана шаардык башкармалыктардын 45и (75%) республикалык бюджетке жана 11и (18,3%) жергиликтүү бюджетке салык чогултуу планын аткарган эмес. Буга байланыштуу жылдын жыйынтыгы боюнча планды аткарбай калууга жол берген жетекчилерге эң олуттуу тартиптик жаза, иштен бошотууга чейинки чаралар көрүлөт», – деди Өкмөт башчы.

Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо жана билим берүү маселесине токтолду.

«Мектептерди интернет менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө убакыт келди. Бул маселе канчадан бери көтөрүлүп келе жатканы менен көрүнүктүү жылыштар жок. Келерки жылы өлкөнүн бардык мектептери интернет менен камсыз болушу керек», – деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу