28.11.2016, 16:12

Сооронбай Жээнбеков: “Биздин эң чоң мүмкүнчүлүгүбүз – МЖӨ, бирок ал ишке ашпаган бойдон калууда”

Бишкек, 28-ноябрь /Кабар/. “Биздин эң чоң мүмкүнчүлүгүбүз – бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ), бирок ал ишке ашпаган бойдон калууда”,-деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Анын айтымында, бул мыйзам кабыл алынган, бирок бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай келүүдө. “Ишке ашпай жатышынын 2 себеби бар: биринчиси, адамдык фактор, экинчиси – бул долбоорду ишке ашыра турган адамдар эмне кылыш керектигин, кандай кылыш керектигин өздөрү билбейт. МЖӨ – бул эң ири мүмкүнчүлүк, биз аны өнүктүрүшүбүз керек. Ишкерлер келип, долбоорду баштоого даяр. Бирок, бул иш менен алектене тургандардын эмне кылышты, кандай кылышты билбей жатканы көйгөй болууда. МЖӨ тууралуу мыйзамды эч ким окуган эмес. Бизде МЖӨнү ишке ашырууга боло турган тармактар абдан көп”,-деди С.Жээнбеков.

Андан ары премьер-министр министрлердин ар бирин МЖӨнү өнүктүрүү боюнча план түзүп, көрсөтүүгө милдеттендирди. “Барыңыздар жеке секторлор менен кайда жана кантип иштей турганыңыздар боюнча план алып келесиздер”,-деди ал.