Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
23/11 16:42
 

2017-жылы Кыргызстанда текстил фабрикасы ишке кирет

 2017-жылы Кыргызстанда текстил фабрикасы ишке кирет

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда текстил фабрикасы ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, фабрика кездемелерди чыгарат, ал ата мекендик тигүү цехтеринде колдонулат. “Ишкана Чүй районунда нөлдөн баштап курула баштады”,-деди ал.

Өз кезегинде фонддун мүчөсү Олег Кудяков долбоор толугу менен 9,5 млн долларга бааланганын кошумчалады. “РКӨФ 7,5 млн доллар бөлдү”,-деди ал.

Мындан тышкары, К.Кулматов РКӨФнын долбоорлору агрардык секторго жана кайра иштетүү тармагына багытталганын белгиледи.
“Эң башкысы – бул машина куруу, электроника жана химия жаатындагы өндүрүш. Буларсыз экономиканы өнүктүрө албайбыз. Ушул багытта чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор каралып жатат. Чехия компаниялары лаколизациялоого даяр, аларда кызыгуу бар. Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча сунуштар түшкөн. Керектөө 1 млн 200 миң даана. Бирок, биз аны Түркия, Россия же Кытайдан сатып албай, бизде чыгарууну сунуштап жатабыз. Андан тышкары, инновациялык технологиялар инвесторлору келет деген үмүттөбүз. Немец компаниясы менен кун нурдуу панелдерди өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-дейт К.Кулматов.

Фонддун башчысы россия тарап РКӨФ аркылуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар, бирок ушундай каржылоо институту бар экенин бары эле биле бербейт деп кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу