Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
23/11 15:16
 

“Кошой” кант заводу 2017-жылы иштей баштайт – Кубанычбек Кулматов

“Кошой” кант заводу 2017-жылы иштей баштайт – Кубанычбек Кулматов

Бишкек, 23-ноябрь /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда Кант шаарында жайгашкан экинчи “Кошой” кант заводу иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы кызылчанын түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп болду.

“2015-жылы айдоо аянты 4,5 миң гектарды түзгөн. Бул жылы 11 миң гектар кызылча эгилди. Бул жылы өндүрүлгөн түшүмдүн көлөмү Кайыңды заводу үчүн эң жогорку болуп саналат. Бирок, ага карабай завод фермерлердин алдындагы милдеттерин аткарууда. Башкача айтканда, ишканалар менен жазында келишим түзгөн дыйкандар өздөрүнүн продукцияларын сатышууда. Завод 450 миң танна кызылчаны гана иштете алат, ал эми түшүм 600 миң тоннаны түздү. Ишканалардын алдында милдеттер тургандыктан аны аткаруу максатында алар сырьену Казакстанга алып барышып, ошол жактан иштетип жатышат. Бул заводго зыян келтирүүдө”,-деди ал.

Ошондой эле, фонддун башчысы 2017-жылы 17 миң гектар жерге кызылча айдоо божолдонуп жатканын белгиледи.

“Кайыңды заводу жазында эле алардын кызылчасын сатып алуу тууралуу келишим түзүп коет. Муну менен катар зарылчылык болсо дыйкандарга үрөн, зарыл болгон техникалар жана башкалар берилип турат. Мен кийинки жылы чындыгында эле түшүмдүн көбөйүшү мүмкүн деп ойлойм, анткени фермерлердин продукциясын сатуусуна кепилдик болот”,-деди К.кулматов.

Мындан тышкары, К.Кулматов ири мөмө-жемиштүү продуктыларды өнүктүрүү варианты каралып жатканын билдирди.

“Биз айылдарда алма, өрүк, алча, гилас, кожогатты өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Башкача айтканда, бул экспортко кетүүчү продуктылар болот. Мындай иш-чараларды биз өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүүнү көздөөдөбүз, бийликтин жергиликтүү өкүлдөрүнө багбанчылыкты уюштуруу үчүн жер бөлүүнү милдеттендиргибиз келет. Ошондой эле, бизге Ысык-Көл облустук администрациясы кайрылды. Долбоордун маңызы өрүк же сүт өндүрүүчүлөрдү бириктирүү жолу менен кластер түзүү. Алар буга “Кумтөр” тарабынан колдоого алынган өздөрүнүн кепилдик фондун кошушмакчы”,-деди К.кулматов.

Эскерте кетсек, РКӨФ “Кошой” кант заводун модернизациялоого 15,5 млн доллар бөлгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу