Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/11 15:58
 

Өкмөт башчы 2017-жылдын ортосуна чейин ири мүйүздүү малдарды идентификациялоону бүткөрүү тапшырмасын берди

Өкмөт башчы 2017-жылдын ортосуна чейин ири мүйүздүү малдарды идентификациялоону бүткөрүү тапшырмасын берди

Бишкек, 22-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту күчтөндүрүү, ошондой эле өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча ишти активдештирүү зарыл экендигин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков мал-чарба продукциясын экспорттоо маселесине басым жасап, бардык курулуп жаткан мал союучу жайлар эл аралык стандартарга жана ЕАЭБ талаптарына дал келиши керектигин белгиледи.

«Бардык облустарда мал союучу цехтердин ишинин актуалдуулугун талдоо керек. Бул майда жана ири мүйүздүү малдарды союуда, экспортко тийиштүү документтерди бир орунда тариздөө максатында зарыл», – деп тапшырды Премьер-министр.
Маминспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов ведомство ишин жакшыртуу боюнча пландар тууралуу маалымдап, быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу сүттү экспорттоо көлөмү үч эсеге жогорулагандыгын айтты.

Мындан тышкары, ал малдарды идентификациялоо процесси башталгандыгын билдирди. Аталган иш мал-жандыктар продукциясын экспорттоону дүйнөлүк талаптарга дал келтирүү максатында аткарылууда.

Калысбек Жумакановдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре 716 миң бирка келээри күтүлүүдө. Бирканы сатып алуу жана ветеринардын тейлөөсү үчүн акы жергиликтүү бийлик орандары тараптан бекитилет жана алар эсебин жүргүзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилигине 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын соңуна дейре республика боюнча ири мүйүздүү малдардын идентификациясын жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу