Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/11 09:51
 

Жогорку Кеңеш Өкмөт башчы сунуштаган республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды

 Жогорку Кеңеш Өкмөт башчы сунуштаган республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бюджет боюнча үч мыйзам долбоорун сунуштады, алар узакка созулган талкуудан соң парламент тарабынан биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2015-жыл үчүн аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү жөнүндө” документтин кабыл алынышы үчүн 109 депутат добуш берсе, 2 депутат каршы добуш берди. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” документи үчүн 107 депутат добуш берсе, 4ү каршы добуш берди. “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө” финансылык документине 107 депутат “макул” деп добуш берсе, 4 депутат “каршы” болду.

Жыйында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык мүчөлөрү катышты жана ал депутаттардын финансылык документтер боюнча жазуу жана оозеки түрдө түшкөн сын-пикирлери эске алынаарын тастыктады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу