Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/11 09:48
 

Өкмөт 2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат берди

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Бүгүнкү күнү борборлоштурулган жылытуу системасына бала бакчалар, мектептер, медициналык мекемелер, турак үйлөр жана окуу жайлары толугу менен кошулду. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу маалымат берип жатып билдиргенин Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Бюджеттик мекемелер план боюнча 177,5 миң тонна көмүр даярдашы керек болсо, 2016-жылдын 14-ноябрына карата 157,58 миң тонна көмүр камдалды, же план 88,78% аткарылды. Эл үчүн 681,7 миң т көмүр даярдоо пландалса, 799,3 миң т камдалды же план 117,2 % аткарылды», – деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Азыркы тапта отун базаларындагы көмүрдүн баасы – өлкөнүн түндүгүндө – 2500 сомдон 5500 сомго чейин, түштүктө – 2000 сомдон 7000 сомду түзөт.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр бүгүнкү күнгө карата боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,14 млрд. м3 түзүп, 2015-жылдагы деңгээлге караганда 4,5 млрд. м3 көбүрөөк (2015-жылы – 13,64 млрд. м3 ) болгонун, мындан улам өлкөдө маал-маалы менен жарык өчүрүү дээрлик болбой турганын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу