Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/11 09:29
 

2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. 2017-жылга карата ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштоодо билдиргенин Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Болжолдонгон социалдык-экономикалык өнүгүүнү эске алуу менен 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда кирешелер 126,8 млрд сомдун тегерегинде мерчемделет (ИДПга карата 25,7%), чыгашалар 150,1 млрд сомдун тегерегинде болжолдонууда (ИДПга карата 30,4%). Тартыштык 23,3 млрд сом, же ИДПнын 4,7%ын түзөт. Мында Мамлекеттик инвестициялар программасын эсепке албаганда тартыштык 5,5 млрд сом, же 1,1%ды түзөт.

Инфляция 5,6% деңгээлинде болжолдонууда. Өткөн жылдардай эле бюджеттин чоң бөлүгүн социалдык сектор ээлеп турат. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоону каржылоонун көлөмү 2017-жылдын жалпы чыгашаларынын 50%га жакынын түзөт.

2017-жылдын бюджети коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялаштыруу менен экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган. Атап айтсак, айыл чарбасы боюнча долбоорлорго коммерциялык банктардагы пайыздык ставкаларды субсидиялаштырууга 700,0 млн сом каралган. Бул – айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоо боюнча долбоорлорго карата алгачкы жолку ири суммадагы субсидия болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу