Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 16:11
 

Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу үчүн Өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун тааныштырууда республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу билдирди.

Өкмөт башчы Өкмөт бюджеттин кирешелер бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды, ошондой эле мыйзамдарды кабыл алып бергендиги үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдирди.

Тактап айтканда, онлайн-режимде маалыматтарды берип туруучу функциясы бар контролдук-кассалык аппараттарды колдонуу механизми киргизилди; ЕАЭБ мүчө өлкөлөрү менен соода алакасынын алкагында Кыргызстандын чек арасынан өткөрүлүүчү товарларды каттоого алуунун жаңы тартиби киргизилди, тагыраак айтканда, товарларды импорттоодо коштомо накладнойлорду колдонуу жагы караштырылды; ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнөн импорттолгон товарларга коюлуучу контролдук баалардын минималдуу деңгээлин колдонуу тартиби белгиленди; 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын кагаз бланкалары алып салынды. Салык төлөөчүлөрдүн кошумча нарк салыктарынын эсеп-фактураларына салык органдары тарабынан серияларды жана номерлерди берүү камсыз болду.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, жакында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет угуттуу пивону акциздик маркалар менен маркалоону караштырган мыйзам долбоорун жактырып берди. Ал депутаттардан бул мыйзам долбоорун пленардык отурумда колдоп берүүңүздөрдү өтүнүп, кабыл алынган чаралардын бардыгы 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн жакшыртууга жардам берерин белгиледи.

«Валюталык термелүүлөрдүн маалында калкты колдоп туруу максатында мурда берилген ипотекалык насыяларды рефинансылоо жүргүзүлүп, “Жеткиликтүү турак-жай” программасы ишке киргизилди, ошондой эле 2016-2017-күз-кыш мезгилинен үзгүлтүккө учурабай чыгуу каржыланды. Алгач ирет ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого (27 млн сом) жана малды идентификациялоого (40 млн сом) өздүк каражат бөлүндү», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөт тарабынан бюджеттин чыгашалар бөлүгүн кирешелер бөлүгүнүн толукталуу болжолуна карап теңдештирүү жана бюджеттин тартыштыгынын азайтуу максатында мамлекеттик органдарда товарларды сатып алуулар менен күнүмдүк чыгымдар оптималдаштырылды. Мында кыскартуулардын жалпы көлөмү 14,9 млрд сомду түздү.
«Мунун ичинде Өкмөттүн милдети катары кабыл алынган корголгон беренелер, атап айтсак, эмгек акы, пенсия, жөлөкпул жана башка төлөмдөр толук көлөмдө каржыланып жатат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйынтыгында Премьер-министр чыгашаларды оптималдаштыруу бюджеттин тартыштыгын 22,4 млрд сомдон 22,0 млрд сомго чейин номиналдуу чегерүүдө кармап турууга жана азайтууга жардам бергендигине басым жасады.

«Бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер бюджеттин тартыштыгын жылдын аягына чейин ички дүң продукцияга карата 4,9%дык деңгээлде кармап турууга өбөлгө түзөт деп ойлойм. Бюджеттин тартыштыгы Мамлекеттик инвестициялардын насыяларын кошпогондо 11,0 млрд сомду же ИДПга карата 2,5% түзөт. Экономикада акыркы төрт айдын ичинде оң динамикага чыгышы – иштиктүү активдүүлүктүк жакшыргандыгын билдирип турат. Өкмөт социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча, бюджеттик системаны туруктуулугу боюнча жана бюджеттик резервди жетишерлик деңгээлде сактап туруу боюнча, бардык чакырыктар менен тобокелдиктерге өз убагында чара көрүп калуу боюнча болгон күчүн жумшамакчы», - деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу