Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/11 14:09
 

2017-жылы Өкмөттүн иши макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталат – Өкмөт башчы

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. «2017-жылы Өкмөттүн иши макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталат», – бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорун тааныштырып жатып билдирди.

2017-жылга республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын 2017-жылга карата бюджеттик резолюциясында жана 2018-2019-жылдарга божомолунда, ошондой эле Өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасында аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эске алуу менен иштелип чыккан.

2017-жылы өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн негизги параметрлери – ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда.

Премьер-министр белгилегендей, 2017-жылы өнүктүрүүнү каржылоонун артыкчылыктуу багыттары болуп – энергетикалык секторду өнүктүрүү, Түндүк-түштүк-2 стратегиялык автожолду куруу жана реконструкциялоо, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана тышкы инвестиция тараптан да, республикалык бюджеттен да тең каржылоо караштырылган башка инвестициялык ички түзүмдүк долбоорлор кала берет.

Сооронбай Жээнбеков бюджеттин чоң бөлүгүн социалдык сектор ээлеп турат бул жалпы чыгашаларынын 50%га жакынын түзөрүн билдирди.
Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө жана даярдоого 156 млн сом каралган. Мындан сырткары 677,0 млн сом өлчөмүндө Мамлекеттик бюджеттик резерв түзүлдү. Ал Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттарга ылайык ыкчам чечүүнү талап кылган, күтүлбөгөн чыгымдарга жумшалат.

“Капиталдык салымдар” беренесин каржылоого ички булактардан 2017-жылы 2,9 млн сом каралды.
Анын ичинен кошумча 250 млн сом 4 жаңы лабораторияны курууга жана ЕАЭСтин талаптарына жооп берген ветеринардык диагностиканын аракеттеги 13 зоналык борборун оңдоого жумшалат.
«Биринчи жолу райондордун борборлорунун автожолдорун ондоого республикалык бюджеттен 750 млн сом каралды», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, жалпысынан 2017-жылдын бюджетинин долбоору жаңы кабыл алынган Бюджеттик кодекстин негизинде долбоорлорду, бул бюджетти пландаштыруунун натыйжалуулугун жана жыйынтыктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. «Биз бюджеттин бардык негизги параметрлерине катуу мониторинг жасаганга даярбыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу