Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 12:42
 

10 айда мамлекеттик сатып алуулардын порталында 31 млрдга жакын сомду түзгөн 28 миңден ашык сынактар өткөрүлгөн

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. 2016-жылы акыркы 10 айда мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жалпы суммасы 30 млрд 985 млн 501,9 миң сомду түзгөн 28 миң 70 сынактар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер тарабынан 14 млрд 184 млн 131,4 миң сомго 15 миң 596 сынактар өткөрүлгөн, бул жалпы эсептин 55,5% түзгөн.

“50% мамлекеттик үлүшү болгон ААК менен маммекемелер тарабынан 11 млрд 967 млн 103,3 миң сомго 4 миң 175 сынактар өткөрүлгөн, ал жалпы эсептин 14% түзгөн.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынна 4 млрд 834 млн 267,2 миң сомго 8 миң 299 сынактар өткөрүлгөн, ал жалпы эсептин 29,5% түзгөн.

Мамлекеттик сатып алуулардын негизги ыкмасы – бир этаптуу сынак болуп эсептелет. Сынактын бул ыкмасы менен жүргүзүлгөн сумма 77% түзгөн. Сынактардын жалпы эсебинин 33,4% жөнөкөйлөтүлгөн жол менен жүргүзүлгөн, алардын жалпы эсеби 14,4% түзгөн. Түз келишим түзүү ыкмасы менен 12 миң 536 сынак жүргүзүлгөн, алардын жалпы суммасы 2 млрд 957 млн 870 миң сомду түзгөн”,-деди Улан Даникеев

Мындан тышкары, ал республикалык бюджетте турган мекемелердин пландалган сатып алууларынын суммасы мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталындагы маалымат боюнча 16 млрд 199 млн 621 миң сомду түзгөнүн белгиледи.

“Жүргүзүлгөн сынактардын суммасы 14 млрд 184 млн 131,2 миң сомду түзгөн. Мында факт жүзүндөгү үнөм 2 млрд сом болгон. Учурда көптөгөн мекемелер тигил же бул буюмду сатып алуудан мурда терең ойлонушу керектигине жетиштик. Мисалы, депутаттар үчүн креслолорду же кайсы бир ведомствонун баалуу таш чөгөрүлгөн сааттарды сатып окуяларын эске алалычы”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу