Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/11 12:16
 

Сооронбай Жээнбеков өлкө парламентине 2015-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди

Сооронбай Жээнбеков өлкө парламентине 2015-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2015-жыл үчүн аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун сунуштады.
Белгиленгендей, мыйзам долбоорлору парламенттин бардык тармактык комитеттери тарабынан каралып чыккан. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүү билдирди.

Республикалык бюджеттин 2015-жыл үчүн аткарылышы тууралуу отчётту сунуштоодо Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2015-жылдын бюджети экономикалык активдүүлүктүн басаңдашын эске алуу менен түзүлгөн жана жыл ичинде эки жолу оңдоо киргизилген. Алар: ЕАЭСтин өлкөлөрүнүн катарына киргендигибиздин эсебинен жана башка бир катар тышкы факторлорго байланыштуу болгон.

Түзүлгөн экономикалык кырдаалдарды эске алуу менен 2015-жыл үчүн республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 113,9 млрд сомду түздү.

Республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгү 120,4 млрд сомго аткарылган. 2015-жылдын бюджети да мурунку жылдардай эле социалдык багытка арналган.

«Социалдык чөйрөгө бардык чыгымдардын 57,5%ы туура келген, же 63 млрд сомго каржыланган. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 6,5 млрд сомду түздү. Анын ичинен ички дүң продукцияга (ИДП) карата факт жүзүндөгү салыштырма салмагы 2015-жылга карата пландаштырылган 3,5%дын 1,5%ын түздү. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик инвестициялар программасын иш жүзүндө өздөштүрүү бекитилген бюджеттин 50%га жакынын түздү», - деп маалымдады ал.

2015-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча билим берүү жаатында кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү, социалдык фонддун трансферттерине каражаттар бөлүндү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы камсыз болду (ВЛ 500 кВ “Датка-Кемин” көмөк чордону).

Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, 2015-жылы ички булактардагы капиталдык салымдар 5,4 млрд сомду түздү.

Аны менен бирге, Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Эсептөө палатасынын “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудити жөнүндө” отчёту каралып чыкты жана кабыл алынганын маалымдады.

«Кетирилген кемчиликтер жана бузулуулар боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери каралат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынананыкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар көрүлөт», - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу