Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 09:37
 

Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында кыргыз-казак чекарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселесин көтөрдү

Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында кыргыз-казак чекарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселесин көтөрдү

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. “Дээрлик бир жарым жылдан бери ветеринардык көзөмөл тутумун Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тутумуна эквиваленттүү катары таануу жана кыргыз-казак чекарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселеси чечиле элек, натыйжада, Кыргызстандын биримдиктеги толук кандуу катышуусу чектелүүдө. Биздин тутум таанылбастан, кыргыз продукциясы жалпы рынокко чыга албай жатат. Бул калктын жана продукция өндүрүүчүлөр арасында жагымсыз таасир калтырган талылуу маселе», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-ноябрда Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында.

Өкмөт башчы маалымдагандай, казакстандык кесиптештер менен болгон акыркы кезигишүүдө аталган маселени чечүүдө Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө макулдугун берген, бирок чечимдин кабыл алынышы бардык тараптардан көз-каранды деп белгилешкен.

“Бул кырдаал белгисиз убакка создуктурлбашы керек. Маселени чечүү көп тараптуу деңгээлден эки тараптуу деңгээлге түшүрүлгөн. Эми биздин өнөктөштөр маселени чечүү беш мамлекеттин деңгээлинде өтүшүнө шилтеме берип, Кыргызстандын ветеринардык тутумун эки тараптуу деңгээлде таанууну макулдашпай турат. Себеп эмне - атаандаштыктабы? Биз жалпыбыз бирдиктүү Биримдиктебиз. Кызыкчылыктардын кагылышына карабастан, аблга кеңири кароо керек. «Бир жактуу» мамиле жана айрым кызыкчылыктардын корголушу интеграциянын чыңдалышына жана аны тереңдетүүгө шарт түзбөйт”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр баса белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуусунун “жол картасында” көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерди объективдүү түрдө аткарып жатат. Жыйындын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков чечимдин кабыл алынышы бардык тараптардан көз-каранды экендигин белгилеп, вице-премьерлерге аталган маселени 2016-жылдын 30-ноябрындагы ЕЭК жакынкы Кеңешинде кабыл алуусун тапшыруу сунушу менен кайрылды. Бул сунуш Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан колдоого алынды.

Сооронбай Жээнбеков 15 кыргызстандык кайра иштетүүчү ишканалар Россиянын бирдиктүү реестрине кирип, өз продукциясын бул өлкөгө чыгарууга мүмкүндүк алгандыгын айтып, Россия тараптын көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр тоскоолдуктар тууралуу сөз кылып Кыргызстан үчүн жакынкы күндөрү пайда болгон күтүүсүз көйгөйдү көтөрдү. Учурда Казакстан аркылуу Кыргызстанга темир жол транспорту менен ташылчу товарларды транзиттөөгө байланыштуу көйгөй жаралууда. Кыргыз вагондору жана контейнерлери Казакстандын көзөмөлдөөчү органдары тарабынан себепсиз кармалууда. Маалыматтар боюнча жалпысынан 244 контейнер жана 16 вагон кармалган. Буга байланыштуу Казакстан Республикасынан көмөк көрсөтүүсүн жана тийиштүү көзөмөлдөө органдары тараптан кыянаттык менен пайдалануу фактысы орун алса, чара көрүүсүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өтүндү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу