Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
16/11 19:06
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда, Россия Федерациясынын Москва шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоорун жана ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жана кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин талкуулашууда.

Делегациянын курамында – вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык кеңешиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, КР Премьер-министринин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдор бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу