Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
16/11 17:01
 

Референдум өткөрүүгө 135 млн сом керектелет – Финансы министри

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. Референдум өткөрүүгө 135 млн сом керектелет. Бул тууралуу Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча штабдын жыйынында Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 67 млн сому Борбордук шайлоо комиссиясына, 61 млн сому Мамлекеттик каттоо кызматына жана 7 млн сому Тышкы иштер министрлигине бөлүнүп берилген. “Жергиликтүү кеңейтерди, анын ичинде үстүбүздөгү жылы жазында өткөн шайлоолорду өткөрүүгө БШКга 263 млн сом бөлүндү. Мындан тышкары, 284 млн сомго кошумча жабдыктар алынды, анткени шайлоо жана референдум үчүн бюллетендерди аралаштырууга болбойт”,-деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жалпысынан референдумга 2 млн 817 миң адам, ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 2 млн 319 миң адам катыша турганын билдирди.

“Референдумга добуш берүү үчүн 2 миң 365 участка ачылат, мандаттар - 7 миң 365, чет өлкөлөрдө добуш берүүгө 35 участка ачылат”,-деди М.Абулгазиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу