15.11.2016, 17:14

Быйыл Ош шаарына 10 айда 2,5 млрд сомдук инвестиция тартылды

Быйыл Ош шаарына 10 айда 2,5 млрд сомдук инвестиция тартылды

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Ош шаарындагы эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров катышып, 2016-жылдагы эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашып жаткан ийгиликтер менен бөлүштү. Ошондой эле, кийинки жылда пландалып жаткан жаңы долбоорлорду ортого салды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров инвестиция тартып, эл аралык уюмдар менен биргеликте шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү бүгүнкү жыйындын максаты экендигин айтып өттү.

“Жергиликтүү бюджетке жеңилдик болсун деген максатта, эл аралык жана коомдук уюмдар менен иштешип, жаңы долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу, коомдук транспортторду жаңылоо, эс алуу жайларды реконструкциялоо, балдар аянтчаларын куруу багытында долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Ошондой эле, келечек муундарга тарбия берип, билимин жогорулатуу максаты да камтылган. Жалпысынан алганда быйыл 2,5 млрд сомдон ашык инвестиция тартылды. Ош шаарынын мэриясы шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, инфраструктураны жакшыртуу максатында эл аралык жана коомдук уюмдар менен тыгыз кызматташабыз”,-деди З.Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова 2016-2017-жылдагы 100 жашыл долбоор иштелип чыгып, анын ичинен эң ири долбоорлор эл аралык уюмдар менен ишке ашканын билдирди. Ал эми 2020-жылга чейин күнөсканаларды куруу, эс алуу жайларды калыбына келтирүү жана башка ушул сыяктуу ири долбоорлор даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү мекеме-ишканалар менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды. Мындай форматтагы жолугушуулар ар бир кварталда уюштурулуп, жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып турат.