Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
15/11 16:10
 

Сооронбай Жээнбеков: Таш-Көмүрдө ферросплавдык заводун куруу шаардын өнүгүшүнө оң таасир тийгизет

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан сунушталды. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 200 миң тонна ферросиликоалюминийди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 550 млн АКШ долларын түзөт. Инвестициялык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда 2800 дейре жаңы жумушчу орун түзүлүүсү пландаштырылууда. Кыргыз тараптан долбоорду ишке ашырууга жоопкер болуп «Авиньен» ЖЧКсы, ал эми казак тараптан ферросиликоалюминийди өндүрүү технологиясын иштеп чыгуучу «НЦ КПМС РК» ишканасы чыккан.

Жыйында инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун инвестициялык жагымдуулугун белгилеп, ал Таш-Көмүр шаарынын өнүгүүсүнө оңдуу таасирин тийгизет деди.

Соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрлик жана ведомстволорго заводдун курулушу үчүн зарыл болгон чечимдерге тийиштүү маселелерди тыкыр иликтеп чыгуу, анын ичинде электр энергиясы менен камсыздоо маселесин жана «Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун варианттарын кароого алып кирүү тапшырмасын берди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу