Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/11 12:41
 

Чүй облусунда күн батареяларын даярдоо боюнча завод ачылды

Чүй облусунда күн батареяларын даярдоо боюнча завод ачылды

Бишкек, 12-ноябрь /Кабар/. «Экономиканы өнүктүрүү – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аталган милдеттин бир бөлүгүн чечүү болуп саналат», - деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев кечээ, 11-ноябрда Чүй облусундагы Ак-Чий «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы «НьюТэк» ЖЧК күн батареяларын даярдоо боюнча заводдун ачылышында. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев өндүрүлгөн продукциянын баскычтуу өндүрүшү менен таанышты.
«Бүгүн биз күн батареяларын чыгаруучу жаңы өндүрүштүн ачылышына күбө болуудабыз. Өндүрүштүн көлөмү жылына 1-1,5 млрд сомго дейре жетет жана бул продукция Евразиялык экономикалык биримдик аймагында сатылат», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ишеним билдиргендей, мындай ишканалардын түзүлүшү өлкө экономикасынын жана инвестициялык абалдын өнүгүүсүнө оңдуу таасирин берет.

Ишкана Германиянын инвесторлорунун катышуусунда түзүлгөн жана алдыңкы немец технологиясы менен жабдылган. Белгилүү болгондой, Евразиялык экономикалык биримдик аймагында аталган продукцияны өндүрүү боюнча атаандаштар жок. Заводдун ишине чет жерде атайы кошумча окуудан өткөн Кыргызстандын жарандары тартылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу