Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/11 11:12
 

Санжар Муканбетов: “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 1,5%ы турак жайын өрттөн жана табигый кырсыктан камсыздандырды”

Санжар Муканбетов: “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 1,5%ы турак жайын өрттөн жана табигый кырсыктан камсыздандырды”

Бишкек, 11-ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда камсыздандыруунун 100 дөн ашык ыктыярдуу түрү жана 6 милдеттүү түрү бар. Бул тууралуу “КМШга мүчө-өлкөлөринде камсыздандыруунун актуалдуу темалары” форумунда КРнын каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө 16 уюм бар, анын ичинде 2 кайра камсыздандыруу жана бири мамлекеттин катышуусунда.

“Кыргызстанда камсыздандыруу системасы – бул жаш багыт жана өнүгүү баскычында турат. Негизинен система Бишкекте топтолгон. Бүгүнкү күндө камсыздандыруунун 100 дөн ашык ыктярдуу жана 6 милдеттүү түрү бар. Кооптуу жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуу, ишканалар кооптуу болуп саналат. Мамлекеттик каржы көзөмөлү жоопкерчиликти күчөтүү менен бизнести дагы камтыйт. Сыйлыктан түшкөн үлүш 9%га жакын”,-деди ал.

Мындан тышкары, С.Муканбетов бүгүнкү күндө чыгымдарды төлөө жолу менен өрт жана табигый кырсык учурунда өзүнүн турак жайын коргоо үчүн экономикалык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

“КРнын Президенти тарабынан жашап жаткан турак жайын милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамго кол коюлган, ал 2016-жылы февралда күчүнө кирген. Камсыздандыруунун бул формасы менен мамлекеттин 100% салымы менен “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК алектенет. Калкты камтуу – 1,5%, потенциалдуу керектөөчүлөрдү көбөйтүү үчүн түшүндүрүү иштери активдүү жүрүүдө. Ошондой эле, мамлекеттик каттоо тууралуу мыйзам иштелип чыккан. Биз ал жакка кыймылсыз мүлктү каттоодо камсыздандыруу документин көрсөтүү тууралуу норманы киргизүүнү көздөп жатабыз. Бул калктын көпчүлүгүн камтууга жардам берет жана өзгөчө кырдаалдар болуп кетсе чыгымдарды төлөп берүүгө жол ачат. Муну менен катар автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам кабыл алынган, ал 2016-жылы күчүнө кириш керек эле, бирок мыйзам 2019-жылы күчүнө кире тургандыгы тууралуу саясий мыйзам кабыл алынды”,-деди С.Муканбетов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу