Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/11 10:27
 

«Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоору боюнча 4,5 млрд сомго жакын насыя берилди

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасында «Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоору боюнча 2016-жылы 3-ноябрга карата 4 млрд 488 млн 837,9 миң суммасында 12333 дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу ФИнансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер аркылуу төмөнкүдөй насыялар берилди.
- «РСК Банк» ААК – 5073 насыя,
- «Айыл банк» ААК - 4611 насыя,
- КИКБ ЖАК – 1359 насыя,
- «Кыргызстан» ААК – 803 насыя,
- «Бакай банк» ААК – 487 насыя.

Маалымат үчүн: «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорунун максаты - жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу