Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/11 09:33
 

Октябрда бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 9 млрд 50 млн сомду түздү

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын октябрь айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 9 млрд 043 млн 764,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 1 млрд 954 млн 415,2 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 млрд 374 млн 492,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча 640 млн 761,6 миң сом бөлүндү. «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгашалар 527 млн 948,6 миң сомду түздү. Калган каражаттар башка корголгон жана корголбогон чыгашалар беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

Маалымат үчүн: Ведомстволук классификация бюджеттик ресурстардын администратору, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары) болуп саналган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин классификациясын камтыйт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу