09.11.2016, 18:05

Кувейт Фонду Кыргызстандагы “Тамга-Каракол“ жогорку вольттогу линиянын курулушуна грант бөлдү

 Кувейт Фонду Кыргызстандагы “Тамга-Каракол“ жогорку вольттогу линиянын курулушуна грант бөлдү

Бишкек, 9- ноябрь /Кабар/. Кувейт мамлекетиндеги Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов Араб Экономикалык Өнүгүүсүнүн Кувейт Фондунун Азия менен кызматташуу боюнча Регионалдык директору Юсуф Аль-Бадр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда Ж.Шарипов менен Ю.Аль-Бадр КР менен Араб Экономикалык Өнүгүүсүнүн Кувейт Фондунун ортосундагы кызматташтык боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде араб фонддорунун - Араб Координациялык Тобунун Бишкектеги мүчөлөрүнүн катышуусунда Үчүнчү Тегерек үстөлдү өткөрүү маселелерин жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ю.Аль-Бадр элчи Ж.Шариповго Араб Экономикалык Өнүгүүсүнүн Кувейт Фондунун жетекчилиги тарабынан кол коюлган “Тамга-Каракол“ 220 кВ жогорку вольттогу линиясынын курулушунун долбоорунун техникалык экономикалык негиздемесин (ТЭН) каржылоого Кувейт фонду бөлгөн грантты - 1 млн 72 миң АКШ доллары суммасындагы кат-келишимди тапшырды.