Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
09/11 11:55
 

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттүн жаңыланган программасын иштеп чыгууда негизги басым башталган иштерди улантууга жасалды

Бишкек, 9-ноябрь /Кабар/. «Өкмөттүн жаңыланган программасын иштеп чыгууда негизги басым башталган иштерди улантууга жасалды», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Өкмөттүн Программасын, түзүмүн жана курамын сунуштоодо. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Программада коалициялык келишимдин негизги жоболору эске алынган. Ошондой эле Программа мурда кабыл алынган Өкмөттүн Программасы менен улануучулугун сактап, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү милдеттерин аткарууга багытталат.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн саясаты жана анын бардык тармактарындагы ишмердүүлүгү Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктарга баш ийгендигин белгилөө менен катар жаңы милдеттерге токтолду.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнү өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк стратегиясын иштеп чыгууга киришет. Аталган стратегиялар күчтүү, көз карандысыз жана экономикалык жактан өнүккөн мамлекетти түзүүгө багытталып, Улуттук стратегиянын белгилеген багытын улантат жана экономиканын бардык секторлорунун өнүгүү багыттарынын жалпы чараларын жана саясаттарын чагылдырып турат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Улуттук артыкчылыктарга, максаттарга жана милдеттерге, ошондой эле коомчулуктун күтүүлөрүнө жана жаңы чакырыктарына, жана ЕАЭБге кошулуунун алкагындагы мүмкүнчүлүктөргө ылайык аткаруу бийлигинин системасын модернизациялаштыруу боюнча иштер улантылаарына басым жасады.

«Өкмөт аткаруу бийлигинин органдарынын түзүмүн чечкиндүү түрдө, түп тамырынан бери оптималдаштырат. Бир мамлекеттик органдын ичиндеги окшош функцияларды чогултуу, ошондой эле айрым функцияларды аутсорингге өткөрүп берүү аркылуу Өкмөттүн күч-аракеттерин административдик ведомстволордун санын оптималдаштырууга багыттоо керек. Мындай чаралар мамлекеттик аппараты камсыздоого кеткен бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырууга жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүп берет.

Мамлекеттик органдарда коррупция менен күрөшүүнүн алкагында Өкмөт судьялардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарын декларациялоо тууралуу мыйзамдык демилгелерди колдойт. Мамлекеттик сатып алуулар системасында коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөттүн негизги милдети экономикалык өсүштү камсыз кылуу болуп саналат.

«Бул иштин алкагында Өкмөт Улуттук банк менен бирге инфляцияны кармап туруу, балансташтырылган валюталык саясатты жүргүзүү боюнча иш-чаралардын топтомун кабыл алышыбыз керек. Өкмөт мамлекеттик бюджеттин дефицитинин көзөмөлдөөчү деңгээлин камсыз кылат. Бюджеттик Кодекстин ченемдерин мамлекеттик финансылар системасына ылайыкташтыруусу өткөрүлөт. Өзгөчө, атайын каражаттар аркылуу мамлекеттик органдарды каржылоо системасы толугу менен кайрадан каралат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу